Диктантты баалоо критерийлери
КЛАСС
КЛАСС
1. «Мугалим — мөмөлүү дарак»
2. «Мекенден айрылганча өмүрдөн айрыл»
3. Мен каалаган кесип
1. Ишкердик — доор талабы («2011-жыл — Кичи бизнес жана ишкердик жылы» жөнүндө).
2. Келечек менин көз карашымда.
3. Эне тилим — сыймыгым.
№ | Критерий | Балл |
1. | Толук катасыз жазылган; одоно болбогон бир орфографиялык же бир тыныш белгиде катасы болсо; | «91 - 100» балл |
2. | Эки орфографиялык жана эки тыныш белгиде катасы болсо. Каталардын катышы өзгөрүшү мүмкүн, бирок алардын жалпы саны төрттөн, орфографиялык ката болсо экиден ашпастыгы керек; | «81 - 90» балл |
3. | Төрт орфографиялык жана 4 тыныш белгиде катасы болсо. Каталар катышы 3 орфографиялык, 5 тыныш белгиде ката жана башка көрүнүштө да болушу мүмкүн. Бирок орфографиялык каталардын саны 4 төн ашпастыгы керек; | «71 - 80» балл |
4. | Бешке чейин орфографиялык жана 5 тыныш белгиде катасы болсо; | «61 - 70» балл |
5. | 7 ге чейин орфографиялык жана тыныш белгиде катасы болсо; | “51 - 60” балл |
6. | 9-10 го чейин орфографиялык жана тыныш белгиде катасы болсо; | “50 - 41” балл |
7. | 11-13 кө чейин орфографиялык жана тыныш белгиде катасы болсо; | “40 - 31” балл |
8. | 14 кө чейин орфографиялык жана тыныш белгиде катасы болсо; | “20 - 11” балл |
9. | Каталарынын саны 15 тен ашса коюлат. | “10-1” балл |
Эскертүү:
1. Диктанттагы каталар салыштырмалуу түрдүүчө көрүнүштө болушуна карабай, баалоодо орфографиялык каталардын саны негизги чек ара эсептелет.
2. Эгерде диктанттагы оңдоолордун саны 5 тен көп болсо, баа 1 баллга төмөндөйт.
Түшүндүрмө: Окуучу жазма ишти (диктант, чыгармачыл баян жана дил баянда) таптакыр катасыз жазып, бирок сулуу жазуусу талапка жооп бербесе натыйжа 1 баллга төмөндөтүлөт.
№ | Билим, көнүккөндүк, тажрыйбалар | балл |
1. | План темага ылайык болсо, чыгарманын окуясы туура баяндалган болсо, баян логикалуу жана ырааттуу болсо, сөз байлыгы, сүйлөм курулмалары жана стили адабий тил нормаларына төп келсе, грамматикасында одоно болбогон 1 орфографиялык жана эки тыныш белгиде катасы болсо, стилистикалык катасы болбосо; | 100-91 |
2. | Текст пландын негизинде жарытылып, бирок кичи кемчилдиктерге жол коюлган болсо, ойду баяндоодо ырааттуулук бир аз бузулса, сөз тандоодо жана ой курулмасында ар түрдүүлүк болсо, грамматикасында 2 орфографиялык, 2 тыныш белгиде жана экиге чейин стилистикалык ката бар болсо; | 90-81 |
3. | Тема толук жарытылбаган болсо, темадан бир аз четке чыгуу байкалса, окуяларды түшүндүрүүдө кемчилдиктерге жол коюлган болсо, сөз байлыгы, сүйлөм түзүлүшүндө чаржайыттык сезилип турса; сабаттуулукта 3 кө чейин орфографиялык, 4 кө чейин тыныш белги, 3 кө чейин стилистикалык катага жол коюлган болсо; | 80-71 |
4. | Жазма иш планга ылайык келбесе, ойду баяндоодо жана курулушунда иретсиздиктер болсо, пикирлер өз ара байланышпаса, сөз байлыгы өтө жарды болсо, мазмун жана баяндоонун сабаттуулугунда 5 ке чейин орфографиялык, 5 ке чейин тыныш белгиде, 5 ке чейин стилистикалык катага жол коюлган болсо; | 70-61 |
Жазма ишке план түзүлбөгөн болсо, ойду баяндоодо жана берүүдө одоно мүчүлүштүктөр болсо; мазмун жана баяндоонун сабаттуулугунда 7 ге чейин орфографиялык, 7 ге чейин тыныш белги жана 7 ге чейин стилистикалык каталарга жол коюлган болсо; | 60-51 | |
Ишке план түзүлбөгөн болсо, ойду баяндоодо жана берүүдө одоно мүчүлүштүктөр болсо, пикирлер өз ара байланышпаса; мазмун жана баяндоонун сабаттуулугунда 9-10 го чейин орфографиялык, 9-10 го чейин тыныш белги жана 9-10 го чейин стилистикалык каталарга жол коюлган болсо; | 50-41 | |
Ишке план түзүлбөгөн болсо, ойду баяндоодо жана берүүдө одоно мүчүлүштүктөр болсо, пикирлер өз ара байланышпаса, сөз байлыгы жарды болсо; мазмун жана баяндоонун сабаттуулугунда 11-14 кө чейин орфографиялык, 11-14 кө чейин тыныш белги жана 11-14 кө чейин стилистикалык каталарга жол коюлган болсо; | 40-31 | |
Баян саяз жазылып, жогорудагы талаптарга такыр жооп бербесе; | 30 баллдан төмөн |