Акыйкат мага тийди

КЛАСС

КЛАСС

КЛАСС

КЫРГЫЗ ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТ

Кыргыз тили жана адабият предметинен билимдер сыноосу жалпы билим берүүчү мектептердин 5-9-класстарында бир (мектепте) баскычта жазма иш түрүндө өткөрүлөт.

Окуучулар 5-6-класстарда диктант, 7-класста чыгармачыл баян, 8-9-класста дил баян жазышат. Бул жазма иш түрлөрүндө окуучунун чыгармачыл, өз алдынча ой жүгүртүү жөндөмү жана сабаттуулугу сыноодон өткөрүлөт. Жазма иштер үчүн темалар көп варианттуулуктун негизинде даярдалат. Ар бир вариантта 3 төн тема сунуш кылынат жана бул варианттардан бири тандап алынат. Тандалган ошол бир теманын негизинде тиешелүү класста диктант, чыгармачыл баян, дил баян жазышат. Жазма иштин темалары окуучуларды чыгармачыл изденүүгө, жеке көз карашын, ой-пикирин билдирүүгө, бир түрдүү темадагы бир нече булактарда туюнтулган пикирлерден жалпыланган корутундуларды чыгара алуу жана аны жаза билүүгө көмөктөшүүсүнө каратылышы керек. Окуучулар тарабынан жазылган жазма иштердин минималдык көлөмү төмөнкүчө болууга тийиш.

Диктанттагы сөздөрдүн көлөмү 5-класста 100-110 сөз, 6-класста 110-120 сөз болот. Диктант жазуу үчүн 1 астрономиялык саат (60 минут) убакыт белгиленет.

7-класстарда чыгармачыл баян алууда окуучулар текстти кандай түшүнгөндүктөрү, өз ою жана түшүнүктөрүн кандай туюнта алгандыгы, жазма кеп тажрыйбасы жана сабаттуулугу сынап көрүлөт.

Тексттеги сөздөрдүн саны алар үчүн 250-300 сөздөн турган болуп, окуучу ага чыгармачыл, эркин пикирлеп, 2-2,5 бет көлөмүндө жазат. Чыгармачыл баянды жазууга – 2 астрономиялык саат (120 минут) убакыт ажыратылат.

Диктант жана чыгармачыл баян үчүн мекен, достук, ата-энеге урмат, устаттар, табият, китеп, адептүүлүк, бурч-милдет жана башка темалардагы тексттер камтып алынышы мүмкүн.

8-класста дил баяндын көлөмү 2,5-3 бет, 9-класста болсо 3,5-4 беттен кем болбостугу талап кылынат. 8-9-класстарта дил баян үчүн 2 саат (120 минут) ажыратылат.

Дил баян үчүн 8-9-класстын окуу программасында белгиленген темалар, ошондой эле, улуттук баалуулуктар, чыгарманын каармандары, дүйнөлүк илим-билимге татыктуу салым кошкон улуу инсандар, ойчулдар, окулган китептер, Мекен, азаттык, эгемендүүлүк үчүн күрөшкөн баатыр инсандар жөнүндө жана башка темалар боюнча тандалышы мүмкүн. Төмөндө диктант, чыгармачыл баян жана дил баян үчүн үлгү катары материалдар берилди.


БЕЛЕК БЕРҮҮ

Белек берүүнүн өзүнчө ыгы жана убагы болот. Кыргызда кандай белектерди беришкен? Кыргыз элинде «алдына ат мингизип, үстүнө жааптыр» деген сөз бар. Бул сөздүн мааниси, кыргыз элинин белек берүү салты менен байланыштуу. Көбүнчө өтө сыйлуу конокторго териси баалуу булгаарыдан жасалган ичик жабышкан. Ичик аюунун, карышкырдын, түлкүнүн терисинен жасалган. Белектердин дагы бири жасалгалуу ат. Ээр-токулгасы, бардык ат-жабдыктары менен атты жасап, көбүнчө эркек кишиге белек кылышкан. Аш-тойлордо жакын кишилер, достор бири-бирине астына ат тартып, колуна камчы берген.

Ал эми байбичелерге чепкен, жоолук беришкен. Ошону менен бирге зергерлик буюмдары: шакек, сөйкө, билерик, мончок, шуру да белек кылынган.

Бүгүнкү күндө үй тиричилик буюмдары, китеп же компьютер, техника белек катары берилип жатат. (Эрнест Турсунов)

(110 сөз.)

ЭНЕ ТИЛИМ—ЭНЕ СҮТҮМ

Биз жашап турган коом, адам баласынын турмушу — баары тил менен байланыштуу. Тилсиз коомдун болушу да мүмкүн эмес.

Ал эми эне тил деген эмне? Ал — эне сүтү менен кошо адам баласынын каны-жанына, ички дүйнөсүнө берилген улуу байлык жана түгөнбөгөн кенч. Ал кылымдап түзүлгөн жакшы нерселердин бардыгын өзүндө сактап, аларды улам кийинки муундарга жеткирип турат. Мына ошон үчүн дүйнөнү дүңгүрөткөн улуу «Манас» дастаны кыргыз тилинде жашап келе жатат.67

Тил боюнча акын Абдурасул Токтомушевдин төмөнкү ыр саптарын байкап көрөлүчү:

Таң эрте тил өмүрү бүтөт десе,

Күн менен уккан кечте кошо батам!

Кандай сезим! …Тилсиз акындын жашоосу да мүмкүн эмес.

Биз мамлекеттик тилибиз болгон өзбек тилин кадырлайбыз, бирок эне тилибизди баарынан жогору баалашыбыз керек. Кадырман калайык, ата-бабалардан бери келе жаткан эне тилибизди таза сактоо үчүн кам көрөлү, аны колдойлу. («Кыргыз туусу»)

(127 сөз)

Улукман аким бир күнү бейтаныш кишиге күбөсүз миң алтын карыз берди. Бейтаныш адам карызды кайтып бербөө максатында алтындарды алды. Атына отуруп, алтындарды чирик бир чүпүрөккө ороп койду. Асмандан бир чоң куш арабадагы чүпүрөккө оролгон алтынды эт деп ойлоп алып учуп кетти. Улукман акимдин үйү үстүнөн учуп өтүп жатканда тумшугунан түшүрүп жиберди. Улукман алтынды алып жайына койду.

Бейтаныш адам ошол эле ниетте Улукмандан дагы миң алтын карыз алды. Аны жыгач үкөккө салды. Атта бара жатып, суудан өтөөрдө алтындарды сууга түшүрүп жиберди. Ал суу Улукмандын үйү алдынан агып өтчү. Улукман аким суда агып келген үкөктү көрүп калып тутуп алды. Капкагын ачып, ичиндеги алтынды көрүп, үйүнө коюп койду.

Ошол адам үчүнчү жолу Улукмандан дагы миң алтын карыз алды жана өзүнө: «Бул акчага сода-сатык кылсам, Алла таалам пайдасын берсе, төрт миң алтынды Улукманга кайтарып берейин» — деди.

Ошондон кийин Алла таала ага ак жол берип, сода ишинен көп пайда кылды жана төрт миң алтынды Улукман акимге келтирип берди. Улукман аким миң алтынды алды да, калганын кайтарып берип: «Өз акым өзүмө тийди, калганы сиздики», — деди. («Улукмандын айткандары»)


Понравилась статья? Добавь ее в закладку (CTRL+D) и не забудь поделиться с друзьями:  



double arrow
Сейчас читают про: